• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат

13 Теке 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат. Бүгүн кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты.

Жумушчу топ түшүндүргөндөй, Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун милдети заманбап талаптарга ылайыкталган үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Жаңы документ бардык ратификацияланган эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, үй-бүлөлүк укук жаатында Кыргызстан өзүнө алган бардык эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет.

Ведомстводон кошумчалашкандай, жаңы Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча жасалууда.

Количество просмотров: 59