Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.
2019-жылдын 4-марттан тартып жол эрежесин бузуу боюнча жаңы кодекстер толугу менен иштеп баштайт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйынында айтты.
Анын айтымында, президент жол эрежесин бузуулар тууралуу кодекстерге өзгөртүү киргизген токтомго кол койду. Ага ылайык 4- марттан тарта толук ишин баштайт.
Асанов мындан тышкары бир канча эреже бузууларга айып пул азайганын кошумчалады.
Мисал катары коопсуздук курун тагынбагандарга айып пул 1000 сом, мас абалында унаа башкарган айдоочу текшерүүдөн өтпөйм десе мурун 17,5 миңдин ордуна ошол жерден 5500 сом төлөмөк. Бирок, өзгөртүүлөргө ылайык мас айдоочунун айып пулу текшерүүдөн өтсө да өтпөсө да 17500 сомду түзөт.
Буларга кошумча түкүрүккө салынган айып төмөндөп 1000 сомду түздү.