• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жаңы Конституциянын долбоору коомчулукка качан чыгат?

8 Бирдин айы 2021 17:49 Бишкек Govori.TV

Конституциялык кеңешме жөнөткөн Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке учурда лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.

«Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктап, долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөттү. Учурда лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат. Биз бүгүн экспертизанын ишин эртерээк жыйынтыктап берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаса эле сөзсүз коомчулукка чыгарабыз. Ар бир жаран таанышып чыгуу укугуна ээ», — деп билдирди Куралбекова.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы Конституциянын долбоору парламентке келип түшкөнүн жарыялаган. Долбоордун акыркы варианты парламентке жиберилди деп айтылып жатканы менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары долбоор колдоруна тие электигин айтышууда. Бул маселени депутат Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында көтөргөнү бар.

Эске салсак, былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Количество просмотров: 148