• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасын көрктөндүрүлүүдө 

5 Баш оона 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Алтын-Ордо” жаңы конушундагы Алтын-Ордо көчөсү, 15 дарегиндеги мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагын көрктөндүрүлүүдө.

Борбор калаанын багбандары Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жерди түздөп, топурак түшүрүп башташты, жакында бул жерде арча, гибискус, липа жана башка көптөгөн жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөр өстүрүлөт.

№10 мектептин аймагында «Бишкекжашылчарба» ишканасынын жумушчулары газон себүүнү аякташты, отургузууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ийне жалбырактуу жана бадалдуу өсүмдүктөрдү отургузуу иштери башталат.

Муниципалитеттин ар бир кызматы жаңы объектилердин курулушуна салым кошууда.

Количество просмотров: 225