• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024
woman reading blog online on computer

Жаңы мыйзам блогерлерди ЖМК кылабы?

17 Үчтүн айы 2023 15:24 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппарат «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын жаңыланган долбоорун даярдады. Документте блогерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган эки берене бар. Анда “блог – бул интернет-басылманын интернеттеги баракчасы, анда маалыматтык-аналитикалык, оюн-зоок жана башка мүнөздөгү жалпыга ачык маалымат камтылган жаңылыктар жарыяланып, ага бир айдын ичинде 5 миңден ашык уникалдуу колдонуучу кирүүгө мүмкүнчүлүк алат”, деп белгиленген.
Мыйзам кабыл алынса, блогер социалдык тармактардагы баракчасына төмөнкүлөрдү жазууга милдеттүү болот:


фотосүрөт;
фамилиясы, аты жана атасынын аты;
туулган күнү, айы жана жылы;
Байланыш телефону;
ага юридикалык мааниге ээ билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн электрондук почта дареги.


Маалыматта айтылгандай, блогер маалыматты жайгаштырууда жана колдонууда мыйзамдарды сактоого — өзүнүн баракчасын мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга, коомдук чакырыктарды камтыган материалдарды таратууга жол бербөөгө милдеттүү экендиги айтылыт. А бирок жалгыз блогер аткарган ишти жалпы жамаат аткаргандай эле ЖМК лар сыяктуу милдеттеме берүү туура эмес. Анткени блогер бир эле жанрда, бир эле тармакты алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан мындай талап туура эместигин белгиледи серепчи.


Блоггер жарандын жеке жашоосу тууралуу маалыматты тарата албайт. Ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарында каралган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын таратууну жөнгө салуучу талаптарды сактоого милдеттүү деп айтылат. Мындай талапка блогердик жумушту аткарып келе жаткан Назира Айтбекова мындай дейт.
Мындай мыйзам долбоорун сынга алган журналист Тынчтык Алтымышев бош калган атка минер эле ЖМКга жабышып калаарын айтты. Мындан сырткары мыйзамдын иштеп кетишине ишенбей турганын кошумчалады.


Мындай мыйзам менен оюн айткан жарандарды ооздуктоо багытындагы эле долбоор болуп калды. Анткени өлкө канча блогердин кайсы темада иш алып бара турганын көзөмөлдөө жүргүзүүгө жетишпейт. Андыктан бул кадам сөз эркиндигине жасалган басымдын бир түрү катары сыпатталууда…

Количество просмотров: 133