• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Урумканова: Жаңы мыйзамда ЖМКларга чектөөлөр көп

30 Үчтүн айы 2024 14:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Govori.TV мултимедиалык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова сунушталып жаткан жаңы мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарына чектөөлөр көп болуп калганын айтып, төмөндөгулөргө токтолду.

«Баарыңыздар мыйзамды окуп чыктыңыздар, аябай көп суроолор жаралып жатат. Канча суроо жаралып жатса, бул мыйзам так ошондой башаламан иштейт. Мыйзам чыгаруучу орган катары сиздер билесиздер мыйзамда бардык беренелер так, даана жазылышы керек. Сиздерде мыйзам долбоорун окуп беренелерге бөлүп, караганга мүмкүнчүлүк бар. Жумушчу топко мындай берилген жок. 15 адам президенттин буйругу менен жушушчу топко киргени менен, мыйзамдын бешинчи вариантына чейин биз берген олуттуу сунуштар эске алынган жок. Мыйзамдын башынан аягына чейин медиа тармагын чектөө беренелер кирип, акырында эркин массалык маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй бут тоосулар колдонулат. Билесиздер журналисттер көбү мыйзамдарды аябай сыйлайт. Алар коомдук тартип сакчылары, мыйзамды бузбайт. Бул мыйзам баарыбыз үчүн эмнеге маанилүү? Биз президентсиз жашообузду элестете албайбыз, биз депуттарсыз да коомубузду алдыга сүрөй албайбыз. Элибизсиз өлкө жок болуп кетет, ошондой эле элдин жана бийликтин ортосунда көпүрө болуп турган кесипкөй журналисттерсиз коопсуз, өнүккөн коомду элестете аласыздарбы? Бул мыйзамды кабыл алып жатканда ушул суроого жооп издесеңер»,-деди ал.

Количество просмотров: 82