• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаңы Ноокат айылындагы “Агарт” мектеби бир жыл мурун жабылган

26 Аяк оона 2018 13:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Жаңы Ноокат айылындагы “Агарт” башталгыч мектеби былтыр эле жабылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматында, бул мектепке биринчи класска бара турчу жалгыз бала жакынкы айылдардагы билим берүү мекемесине жиберилген. Андагы жалгыз мугалим учурда Ноокат райондук билим берүү башкармалыгында эмгектенет. Буга чейин бул мектепте 1-4-класстарда 12дей бала окуган.
Эске салсак, социалдык тармактарга “Агарт” башталгыч мектебинде жыл сайын 14 окуучу билим ала турганы, мектеп урап калуу коркунучунда турганы тартылган видео тараган. Тасманын автору видеону быйыл 21-сентябрда тартканын айтат.
Количество просмотров: 26