• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президенттин бир жылдык иши талкууланды

17 Тогуздун айы 2018 19:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 17-октябрда Президенттин шайланганынын бир жылдыгына байланыштуу, бул аралыкта кандай иштер кылынып, кандай аракеттер жасалганы туурасында тегерек стол болуп өттү. Анда өлкөнүн белгилүу саясат таануучулары, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана экспертер катышты.
Бир жыл аралыгы стабилдүулүк менен өткөнүн, бирок жаңы бийлик жаңы жүздөрдү алып келүүсү керектигин саясат таануучу Марс Сариев айтып өттү.
Президент өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ал эми өкмөт өзүнүкүн билгенде гана мамлекет өнүгүү жолуна түшөөрүн коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгиледи.
Ал эми Арзыбек Кожошев экономика жаатында бул бир жыл аралыгында эч кандай деле жылыш болбогону жана бүгүнкү күндө инвесторлордун өлкөгө болгон ишеничи азайганы айтты.
Эң негизги түзүлүш элдин ишеничи экенин Жээнбеков эстен чыгарбай чечкиндүү кадамдарга барүүсу керектигин саясат таануучу Алмаз Тажыбай белгиледи.

 

Количество просмотров: 43