• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ноокатта абалы эски кылымдагыдай мектептен 14 окуучу билим алат (видео)

26 Аяк оона 2018 9:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Facebook баракчасына жарандык активист Орозбек Муратов акыбалы өтө начар болгон мектептин видеосун жүктөдү. Тасмага тартылган мектеп Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тоо тарабындагы “Агарт” атындагы башталгыч мектеп экени маалым болду.
Видео 21-сентябрда тартылып, колдонуучу аркылуу 25-сентябрда интернет булактарына жайгаштырылган.
Мектептин көрүнүшү, илгерки доорду эске салат. Объект коркунучтуу, кулоо алдында турганына карабай бул жерде окуучулар билим алышат.
Видеодон мугалими дагы чыгып, маек бергенин көрүүгө болот. Окутуучу мектепте 14 окуучу билим алышаарын, кышы-жазы окуу үзгүлтүксүз болоорун, жалпы айылда 31 түтүн бар экенин айтып берген.
Ал эми видеону жүктөгөн Орозбек Муратовго байланышканыбызда тасманы досу тартып алып жибергенин айтты. Жарандык активист бул коомдун учурдагы негизги көйгөйү экенин кошумчалап өттү.

Ушундай да болобу?Мечит кургандарга мектеп деле куруп койо бергиле дейт элем…

Опубликовано Орозбек Муратов Вторник, 25 сентября 2018 г.

Количество просмотров: 45