• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаңы окуу жылына телесабактар тартылууда

7 Баш оона 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеосабактарды тартууда IV чейректе кетирилген айрым кемчиликтер эске алынып, сабактын сапатына көңул бурулуп жатат. Ар бир предмет боюнча бирден усулчу дайындалып, сабак тартылганга чейин даярдалган сабактын иштелмелери текшерилип, тартылып жаткан учурда да бекитилген усулчу тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Телесабактарды өтүү үчүн конкурстук негизде260 мугалим тандалып алынган. Алар бир нече кароо-сынактардын, окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлгөн.

Тартылган видеолор атайын серверге, билим берүү министрлигинин порталына жайгаштырылып, 1-сентябрдан тарта атайын жадыбалдын негизинде телеканалардан эфирге берилет.

«Съемка Бишкек жана Ош шаарларында жүрүп, КТРдин “Баластан” студиясында, ЭлТР, “Ынтымак” телеканалдарынын, Мегакомдун, Кувейт университетинин, Манас-Түрк университетинин, КМТУнун, АУЦАнын студияларында, ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Азия өнүктүрүү банкы, Массалык маалыматтарды колдоо борбору, Сорос фондунун жардамында тартылууда», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, телесабактардын бир жылга пландаштырылып жалпы көлөмү 7 миң 276саатты (видео сабакты) түзөт. Ал пандемия бүтүп, салттуу режимде окуу процесси уюштурулган учурда да кошумча билим берүү ресурсу катары пайдаланылат.

Количество просмотров: 109