• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Жаңы окуу жылында 57 мектеп жана 20 бала бакча ачылат

26 Баш оона 20258:56 Бишкек Govori.TV

2025-2026-окуу жылында өлкө боюнча 57 жаңы мектеп жана 20 жаңы бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары айрым мектептерде ири капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, алар жаңы окуу жылынын башында ачылбайт.

«Мындай мектептердин окуучулары убактылуу атайын ылайыкталган имараттарда же жакынкы башка мектептерде билим алышат. Аларга шарттар түзүлөт», — деди министр.

Количество просмотров: 104