• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын жадыбалы жарыяланды

8 Аяк оона 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Мектеп окуучуларынын жаңы окуу жылындагы каникул күндөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.

Жалпы билим берүү мекемелеринин базистик окуу пландары тууралуу буйрукка ылайык, күзгү эс алуу күндөрү 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин болот.

Кышкы каникул 30-декабрда башталып, 11-январда соңуна чыгат. Ал эми жазгы эс алууга мектеп окуучулары 22-мартта чыгып, окуу 31-мартта уланат.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары баары аралыктан билим алууда.

Количество просмотров: 442