• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жаңы Салык кодексин ишкерлер кабыл албай жатат

24 Бештин айы 202115:08 Бишкек Govori.TV

Ушул аптада Жогорку Кеңеш Салык кодексинин жаңы редакциясын үчүнчү окууда кабыл алды. Ал 2022-жылдан тартып күчүнө кирет. Жаңы Салык кодексиндеги өзгөчөлүктөр эмнеде? Артыкчылыктар жана тобокелчиликтерге токтолобуз.

Азыркы редакцияда эки негизги режим киргизилген. Биринчиси – ири компаниялар төлөй турган жалпы салыктык режим. Экинчиси – бирдиктүү салык төлөмү. 30 млн сомго чейинки акча каражатын жүгүрткөн компаниялар менен ишкерлер ушул бирдиктүү салык режимине өтө алат. Ал жерде бир гана салыктын түрүн төлөп, бир салыктык отчет беришет.

  • Жаңы кодекстеги каралган чоң өзгөрүүлөрдүн бири – социалдык төлөмдөр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болот. Тагыраак айтканда, 15 адамдан ашкандан кийин төлөмдөр 14.25 % болот. Анын 4%ын жумуш берүүчү, ал эми 10%ын жумушчу өзү төлөйт. Азыркы учурда ишкер субъекттери төлөгөн салык 38%га чейин барат
  • Жаңы салык кодексинде ошондой эле бизнестин кээ бир түрлөрүнө патент системасын жоюу каралган. Эскерте кетсек, учурда чакан жана орто бизнес негизинен ушул патент системасы менен иштейт
  • Салык кызматы Укук коргоо органы сыяктуу салык иликтөө иштерин жүргүзө алат.
  • Жыйналган салыктын 3% Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша берилет.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев Салык кодексинин жаңы редакциясынын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев

“1-январдан баштап күчүнө киргени турат. Жаңы Салык кодексинин бардык нормалары заманбап экономикага шайкеш келтирилип, салыктык жол-жоболору толугу менен санариптештирүүгө өтүүгө багытталган нормалар жана механизмдер менен толукталды, адилеттүүлүк принцибин ишке ашыруу максатында милдеттүү патент дегенден кайтып жатабыз. Отчеттуулукка өтүүдөбүз. Талаштарды жараткан нормаларды тактап, түздөп кеттик. Жаңы кодекс ишке кире турган болсо талаштар азаят деп күтүп жатабыз”, — деп айтты төраганын орун басары.

Бизнес-коомчулук жана катардагы жарандар жаңы Салык кодексинин кабыл алынышынан чочулап, нааразылыктарын айтып чыгышты. Бишкекте «Таатан» базарынын соодагерлери 22-декабрда митинг өткөрдү. Алар бийликтин көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө киргизүү демилгесине каршы. Акцияга чыккандардын бири ыктыярдуу патент менен эле иштөө ыңгайлуу болчу деген пикирин билдирди.

«Биз жөнөкөй соодагерлербиз. Бизге ККМдин кереги жок. Ансыз деле салык төлөйбүз. Бизге ошол жетишет. Биз патент жана социалдык фонд төлөмдөрүн өз ыктыярыбыз менен төлөгүбүз келет», —деди акциянын катышуучусу.

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков долбоор толук кандуу иштелип чыкпаганын сынга алды. Анын айтымында, шашылыш кабыл алган кодекске ишкерлер тынчсызданып жатат.

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков

«Кээ бир сунуштар эске алынды, айрымдары каралбай калды. Бул кодекс чийки кабыл алынды, тобокелдиктер бар. Эң башкысы Салык кызматы Укук коргоо органы сыяктуу салык иликтөө иштерин жүргүзгөнү. Салык кызматына 3% бөлүп берүү боюнча. Бардык чогулган салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн ичинен 3% түздөн-түз салык кызматын каржылоого жиберилет экен. Бардык салыктардын баланча пайызын аласыңар деген жобо кайсы өлкөдө бар экенин билбейм. «Бирдиктүү салык” өтө жакшы дегени менен, ал теориялык жактан каралган. Реалдуу эсептелген эмес»,-деди Сыдыков.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Салык кодекси боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштери толук жүрбөгөнүн белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

«Чынында эле, сунушталган Салык кодексинин оң жактары бар. Бул экспортчулар үчүн КНСти кайтаруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми, салык мыйзамдарынын талаштуу маселелери боюнча салык органдары тарабынан Экономика жана Финансы министрлиги тарабынан түшүндүрмөлөрдү милдеттүү түрдө аткаруу, салык кызматынын талаштуу чечимдерин жокко чыгаруу механизми, текшерүүнүн айрым түрлөрүнө тыюу салуу. Бирок жаңы кодекс бекитилсе, тиешелүү токтомдор даярдалышы керек. Токтомдор чыга элек, түшүндүрүү иштери дагы жүргөн жок. Жаңы жылдан кийин жарандар менен ишкерлердин көбү түшүнбөй айып пул төлөп калышы мүмкүн»,-деди Бекешев.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Салык кодекси алгач 1996-жылы кабыл алынган, кийин 2008-жылы толугу менен өзгөртүлгөн. Ушуну менен үчүнчү ирет жаңыланып жатат. Салык тармагын тескеген документтин долбоору 449 беренеден турат.

Количество просмотров: 298