• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаӊы спикердин атасы ТЭЦтин тендерлерин кантип утуп келген?

20 Аяк оона 2018 18:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек 20.09.2018 Govori.tv
Бүгүн Бишкек шаардык кеӊеши 29 жаштагы Жаныбек Абировду төрага кылып шайлашты. Жаӊы шайланган төрага жана анын жакындары тууралуу бир катар маалыматтар коомчулукта кызуу талкууга алынууда.
Жаныбек Абиров атасы Болотбек Абировдун аты бир нече компаниялардын таржымалдарында айтылат. Алардын катарында Бишкек жылуулук тармагын көмүр менен камсыз кылган «Рассвет компани» дагы бар. Аталган компания 2015-жылы каттоодон кайрадан өткөн. ОсООнун негиздөөчүсү — Абиров Болотбек Усупбекович, директору — Ташиев Нурадиль. ОсОО Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн 210 дарегинде катталган.
«Рассвет компани» ОсООсу Бишкек ТЭЦин көмүр менен жабдуу ишинде ортомчулук менен алектенип, 2015-жылдан бери тиешелүү тендерди колдон чыгарбай келет. 2018-жылы дагы бир «Евротранс групп» компаниясы катышкан тендер чырында аралашкан окуя дагы бар. «Электр тармактар станциясы» төмөн баадагы көмүрдү сунуштаган «Евротранс групптун» көмүрүнүн калориялуулугу төмөн экендигин, ал эми «Рассвет компани» ташыган көмүрдүн сапаты тиешелүү талаптарга жооп бере тургандыгын айтып чыккан. Конкурстук комиссиянын ишин текшергенде мыйзам бузуулар аныкталган эмес, бирок мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, сатып алуулар төмөн баа сунуштаган тараптар менен жүргүзүлүшү керек экендиги белгилүү.
Аталган тендер боюнча отунду сатып алууларга мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 400 миӊ сом каражат каралган. Тендерден уткан тарап көмүрдү Казакстандын Шабыркүл кенинен алып келет, ага казакстандык олигархтар Александр Машкевич, Алижан Ибрагимов жана Патох Шодиевдер ээлик кылат.
Ошондой эле «Рассвет компани» дагы бир чуулгандуу «Прогресс компани» менен дагы байланышы бар. Аталган компания 2016-жылы ишин токтоткон. «Прогресс компанинин» акыркы официалдуу негиздөөчүсү Жаӊыл Шамшудинова. Ал мындан башка дагы бир канча фирмаларга ээлик кылып келсе, директору Бишкек шаардык кеӊештин жаӊы төрагасынын атасы Болотбек Абиров. Айта кетүүчү жагдай, «Прогресс компани» 2015-жылга чейин Бишкек шаарындагы ТЭЦке көмүр ташып келген. Жогоруда айтылгандай 2015-жылы көмүргө байланыштуу тендерге мына ушул «Рассвет компани» менен «Прогресс компани» гана катышкан.
«Прогресс компани» 2014-жылга чейин Бишкек шаардык ТЭЦти көмүр менен камсыздап келип, 2014-жылы «Жезказган энергосбыт» тендерден уткан. Бирок, тендердин жыйынтыгын мурдагы отун, энергетика жана жылуулук министри Осмонбек Артыкбаев соттон утуп, «Жезказган энергосбыттын» өкүлдөрү Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
Ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова «Прогресс компанинин» сотто утуп чыгышына мурдагы министр Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгы болгондугун айтып чыккан. Кийин Аида Салянованын күйөөсүнө кылмыш иши козголгондугу белгилүү.

Количество просмотров: 73