• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Жаңы тамыбыз жарабай калды». Максат айылынын тургуну чек араны чечип берүүнү суранды

23 Аяк оона 202214:30 Бишкек Govori.TV

Максат айылынын тургуну Тажыгүл Дыжыраеванын үй-бүлөсү өткөн жылы гана жаңы тамга көчүп кирген, бирок 14-17-сентябрдагы жаңжалда кайра жараксыз аблга кептелген.

Кандуу жаңжалды көргөн тургундар бийликтен чек ара маселесин кечиктирбей чечип, коопсуздукту камсыздап берүүнү суранууда.

«Максат айылында 7 жылдан бери жашайбыз. Ал эми чек арада абал өтө оор. Менин үйүм 16-сентябрь күнү тажиктер тарабынан өрттөлгөн. Чоңдорго айтарым чек ара маселесин тактап беришсе, бала-бакырабыз менен тынч жашасак. Кыйналып бүттүк, кечээ жакында канча деген жигиттерибиз курман болду. Келиндерге ок тийди»,-деди ал.

Количество просмотров: 291