• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жаңы-Өзөндө ачкачылык жарыялаган тургундардын ден соолугу начарлаганы айтылууда

12 Бугу 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Жаңы-Өзөн шаарында мунай тармагына жумушка орноштуруу талабы менен ачкачылык жарыялаган тургундардын ден соолугу начарлаганы айтылууда.  

Бейшемби күнү бери дегенде эле бир киши тез жардам менен медициналык мекемеге жеткирилди. «Азаттыктын» казак кызматы анын абалы боюнча ооруканадан жана Маңгыстау облусунун саламаттыкты сактоо департаментинен комментарий ала алган жок. Соцтармактарда тараган видеодо тез жардам кызматкерлери жерде жаткан адамдын абалын текшерип жатышканын көрүүгө болот.

Активист Жадыра Досекеева азыр эки адам ооруканада экенин, ачкачылык жарыялагандардын бири акимчиликке сүйлөшүү үчүн барганын билдирди. Жаңы-Өзөн шаарынын акими Айбек Косуаков комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда. Митингчилер бул жагдай боюнча ачык маек берише элек.

Маңгыстау облусунун саламаттыкты сактоо департаментинин 11-майдагы билдирүүсүнө ылайык, 10-майда сегиз адам ачкачылык жарыялаган. 24 сааттын ичинде тез жардам кызматына алты кайрылуу түшкөн. Адистер 1992-1999-жылы туулган жигиттердин абалын текшерип, бирок ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөй аныкташкан эмес. Тез жардам чакырткандар акцияны улантуу зарылдыгын айтып, ооруканага жатуудан баш тартышкан.

10-майда Жаңы-Өзөндүн онго чукул тургуну ачкачылык жарыялаган. Андан мурдараак алты апта бою акимчиликтин алдында нааразылык акциясын өткөргөн кишилерди полиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин бошоткон.

Количество просмотров: 112