• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жаңы-Өзөндө көп батирлүү турак үйдө газ жарылып, 4 киши каза болду

17 Чын куран 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында көп батирлүү турак үйдө газ жарылып, төрт киши каза болду. Бул тууралуу Маңгыстау облустук акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, урандылардын алдынан сегиз киши, анын ичинде төрт адамдын сөөгү чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13 киши медициналык жардам сурап кайрылганын, алардын алтоо ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Жергиликтүү акимчилик жарылууда үч батир зыянга учураганын, кырсыктан кийин турак үй газдан өчүрүлгөнүн билдирди. Ошол эле маалда жарылуу учурунда батирлерде канча киши болгону так айтыла элек. Учурда урандыларды тазалоо иштери уланууда. Жарылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

Жарылуу эки кабаттан турган көп батирлүү үйдө 17-апрель күнү таңкы саат төрттөрдө болгон. ӨКМ болжолдуу маалыматтар боюнча газ баллону жарылганын билдирген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 222