• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жаңы-Өзөндө өрттөн бир киши каза болду

16 Кулжа 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

15-июнга караган түнү Жаңы-Өзөн шаарындагы “КЕЗБИ” жоопкерчилиги чектелген шериктештигинде мунай скважиналарынын ремонту учурунда агрегатор өрттөнүп, 43 жаштагы машинист каза болду.

“КЕЗБИ” компаниясы учурда укук коргоо органдары текшерүү иштерин жүрүзө баштаганын, буга байланыштуу окуянын чоо-жайын айта албай турганын билдирди.

Бул арада “КЕЗБИ” компаниясынын мурдагы кызматкери “Фейсбуктагы” баракчасына окуя болгон жерде тартылган видеону жарыялады. Ал эмгек коопсуздугу сакталбаганын, техника эски экенин, бийлик буга кулак төшөбөй келгенин жазды.

Мурда аталган компаниянын жумушчулары бир айдай нааразылык өткөрүшүп, айлык акыны жогорулатууну, “Өзенмунайгаздын” курамына кошууну жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылышкан.

1992-жылы негизделген «КЕЗБИ» компаниясы мунай өндүргөн «Озенмунайгаз» ишканасынын скважиналарын оңдоо менен алектенет.

Количество просмотров: 46