• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жаңы-Өзөндө жумуш талап кылып жаткан тургундар президентке кайрылышты

15 Бирдин айы 2022 13:50 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында 1-февралдан бери жумуш талап кылып жаткан тургундар 14-февралда президент Касым-Жомарт Токаевге, «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын жетекчиси Алик Айдарбаевге жана Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаевге жаңы видеокайрылуу жасашты.

Бул жолу алар мунайгаз тармагына ишке орношууга киргизилген мораторийди жокко чыгарууну талап кылышты.

«2022-жылдан тартып мораторий жокко чыгарылсын! «Озенмунайгаздын» штатын кеңейтип, аны тейлеген компанияларга жумушсуз жарандарды ишке алгыла! Мунайгаз тармагында жаңы жумуш орундары түзүлсүн. Биз, Жаңы-Өзөндүн жумушсуз тургундары Касым-Жомарт Токаевдин бул жерге келип, маселебизди тез арада чечишин талап кылабыз!, — деп билдиришти алар.

Дүйшөмбү күнү «Озенмунайгазды» тейлеген FTC WIN компаниясынын кызматкерлери да социалдык түйүндөргө видеокайрылуусун жарыялап, иш таштагандыктарын билдиришти.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой энелер бар. Баалардын жогорулашынан улам үй-бүлөнү багуу оорлоп баратат. Талаптарыбыздын аткарылбаганына байланыштуу ишибизди токтотууга аргасызбыз. Биз мунайгаз тармагына келечеги бар ишке которууну талап кылып жатабыз», — деп билдиришти алар.

Ушул эле күнү Маңгыстау облусунун Бейнеу районундагы ветеринардык станциянын жумушчулары айлык акыны (айлыкты 68%, зыян үчүн берилчү төлөмдү 12% жана ветеринардык кызмат үчүн кошумча төлөмдү 23%) жогорулатууну талап кылып, болбосо 1-марттан тартып иш таштай тургандыктарын айтышты.

Бүгүнкү күндө Жаңы-Өзөндө дагы бир нече компаниянын жумушчулары эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыктарды жогорулатууну талап кылып иш таштоодо.

Жергиликтүү бийлик жумушсуз жарандардын талаптарын аткаруу үчүн 161 иш орунун сунуштап, мартта дагы 400 жумушчу орун түзүлөрүн убадалашты.

Маңгыстау облусунда жумушчулардын нааразылыктары февралдын башынан бери токтобой келет. Бүгүнкү күнгө карата бийлик алардын айрымдарынын талаптарын аткарды.

Количество просмотров: 148