Бүгүн Жаңы Зеландиянын түндүк бөлүгүндө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Парапарауму шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, 57 чакырым тереңдикте болгон.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.