• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаңы желек, Ташов, Жамгырчиев, ККМ. Жапаровдун кезектеги маеги…

15 Үчтүн айы 2024 12:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин куруп, коомчулукта талкууга алынган жагдайлар туралуу суроолорго жооп берди.

Төмөндө маектин толук текстин беребиз:

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Салт болуп калгандай, коомчулуктагы актуалдуу суроолорубузду узатып, аларга жооп алсак. Кечээ жакында эле издөөдө жүргөн ишкер Имамидин Ташов бийликтегилерге оор айыптоолору менен катуу билдирүү жасады. Эртеси эле Имамидин Ташов менен өлкөдөн качып кеткен Тилекмат Күрөңов экөөнүн Кыргызстанда революция пландап жаткан сүйлөшүүсүнүн видеосу чыгып кетти. Өткөндө “Дордойго” барганыңызда ККМге каршы чыккан соодагерлерге силерди үчүнчү күчтөр пайдаланып атат дегендей маалымат айтканыңызда чогулгандарды бир тобу нааразы болуп ызылдап кетишти эле. Ошондо сөз Ташов, Күрөңовдор тууралуу беле?

— Ооба, туура баамдап жатасыз. Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер.

Мен “Дордойго” барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар “арабызда андайлар жок” деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. “Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм” деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан баш аламандык уюштуруп, элдин арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар.

Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек.

Тилекмат Күрөңов кайра эле “биз көппүз, Ташов экөөбүз эле эмеспиз” деп бет тырмачылык кылып атат.

— Учурда бийликти күч менен алмаштырууга негиз барбы, бийликке келгиси келгендерге эмне дейт элеңиз?

— Мен жогоруда айтканымдай, мына ушул сөздү өздөрү тастыктап берип атышат. Булардын артында тымызын жаткан топтор бар. Биз аларды беш колубуздай билебиз. Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок. Биз андайга негиз да бербейбиз.

Мурда эмне үчүн бийлик алмашчу эле? Бийлик башындагылар өздөрү баш болуп ууруларга, криминалдарга кошулуп алышчу.

Клан-клан, жердеш-жердешчилик болуп, мамлекетти жакындарына башкартып, экономикабызды уурдап, сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп, элди ирээнжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган. Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй, бюллетенди илгеркидей кол менен санамай жок. Жасоого да мүмкүн эмес. Мурдакыдай биринин бюллетенин экинчисине кошуп, кимдир бирөөнүн добушун көбөйтүп санап коюу мүмкүн эмес. Шайлоо бүтөрү менен жарым сааттын ичинде кимдер өткөнүн автоматташтырылган шайлоо системасы чыгарып коет. Андан кийин бюллетендерди байкоочулардын катышуусунда кол менен да санап чыгышат.

Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралаштырган жокпуз. Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп атасыздар.

Дагы эмне керек? Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат.
Ал эми бийликке келгиси келгендерге мыйзам чегинде шайлоо жолу менен бийликке келе бергиле демекчимин.

— Депутат Эмилбек Жамгырчиевдин Жогорку Кеңештин экинчи кабатынан секирип качканы тууралуу кабардар болдуңуз да. Эл өкүлүнүн бул жоругун кандай кабыл алдыңыз?

— Кабарым бар. Ал жигиттин Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, “Салимбай байбача” аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайы кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун.

— “Кемпир-абадчылар” деп аталган саясатчылардын соттук иштерин ачык эле кылбайбы деп айрым соцтармак колдонуучулар пикир билдиришүүдө. Акыркы Элдик курултайда алардын артында кайсыл бир өлкөнүн элчилиги турат дедиңиз эле. Ошону ачыктай аласызбы?

— Мен Курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын. Ал сөзүмө чапташып алып эле кайсы элчиликтен акча алдык деп жарга такай бериштин кереги жок. Бизде үч жолу революция болду. Биринчи эки революцияда тең сырткы күчтөр каржылады. Алар кимдер экенин элдин баары билет.

Үчүнчү революция эч ким күтпөгөн жерден болуп кетти. Биз сырткы күчтөрдөн акча алган жокпуз. Эл өзү колдоп берди. Ошол үчүн бүгүн биз эч кимге көз карандысыз болгон көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатабыз. Эгер биз да кайсы бир сырткы күчтөргө көз каранды болуп калсак, анда биз деле алардын айтканын кылып, өлкөдө эч нерсени алдыга жылдыра алмак эмеспиз.

«Кемпир-абадчылар» арасынан кимиси кайсы сырткы күчтөр менен дайыма жолугушуп жүргөнүн, канча акча алганын өздөрү жакшы эле билишет. Жөн эле билбемиш болуп атышат.

— Жыл жаңырары менен коомчулукту зериктирбеген окуялар болду. Айтайын дегеним, 1-январда борбордук аянтта жаңыртылган желек илинип калды. Бир аптадан кийин ал парламент кабыл алган желекке окшошпой калганы маалым болуп, кайра башкасы илинди. Сурайын дегенибиз, ушул бир апта бою башка туу илинип калганы үчүн бирөө жарым жоопкерчиликке тартылабы? Дегиле тууну өзгөртүүнүн кажети бар беле? Ушуну менен желек темасын талкуулоо жабылдыбы?

— Биринчи январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия макул деп жаңы желекти көтөртүп коюптур.

8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң Өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу.

— Эми саясаттан бир аз алыс, бирок коомубуз үчүн маанилүү бир темага кайрылсак. Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырдыңыз. Обончу жигиттин композитор аталып калышы соцтармакта сыйлыктар боюнча ар кандай талкууларга жол ачты. Ушул сыйлыктарды жоюп эле салган жакшы дегендер да чыкты, жок калтырып бирок, тандоо талабын катаалдатуу керек дегендер да бар. Сиздин көз караш кандай бул маселеге?

— Мурда сыйлыктар сатылып келгенин баарыңар эле жакшы билесиңер. Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен.

Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз.

Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз. Айрым сыйлыктарды жоёбузбу же талаптарды күчөтөбүзбү, ал боюнча Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгат.

— Фейсбукта буга чейинки кыска маегибизде инвесторлорду коргоо маселесине комментарий берип, ички инвесторлорго да колдоо көрсөтүлөт дедиңиз эле. Көп өтпөй ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыгыңыз чыкты. Бул документтин маанисине жана анын ушул сыяктуу мараторийлерден айырмасына токтоло кетсеңиз?

— Ички инвесторлорду дагы колдоого дайым даярбыз. Бирок, тилекке каршы, биздин бай жарандарыбыз ири инвестор болгулары келбейт. Баары акчаларын чет өлкөдөгү банктарда кармашат. Ошол акчаларын коркпой алып келип, өлкөбүзгө иштетиши үчүн акчалары менен мүлктөрүн легалдаштыруу мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бул мыйзам 1-июлга чейин иштейт. Легалдаштырып алышса, анан акчаларын коркпостон алып келип, ири долбоорлорду башташат деп ойлойм.

Ал эми ишкерлерди текшерүүгө тыюу салганым ишкерлер эркин иштеп, тезирээк буттарына туруп алышсын деген максат. Ишкерлер экономикабыздын кыймылдаткыч күчү да. Бул жолкусунда жарлыктын аткарылышын катуу көзөмөлдөйбүз. Мурдагыдай текшерүүчү органдар бирөөнүн үстүнөн арыз уюштура калып текшерүүгө жетип баргандар болсо, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү жазалайбыз.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Количество просмотров: 119