• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жаңы жыл түнү эки бутунан айрылган жигит. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

5 Үчтүн айы 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Кеминде Тилек Жумабековду поезд коюп кеткен окуянын чоо жайын айтты.

Соцтармактарда Жумабеков адамды сактап калам деп өзү поезд алдында калганы тууралуу маалымат тараган. Бирок ИИМ мындай версияны четке какты.

Маалыматка ылайык, кырсык 31-декабрь күнү саат 23:45те болгон. Ал рельсте жалгыз болгон. Машинист кырсыкты алдын алуу үчүн сигнал берген экен. Окуя бөөдө кырсык катары каттоого алынды. Окуянын кесепетинен жабырлануучу эки бутунан айрылды.

Жумабеков алгач Кеминдеги ооруканага түшүп, кийин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлгөн. Учурда туугандары донор издеп жатышат. Жардам бергиси келгендер Кан борборуна (Айтматов проспекти, 60, Айни көчөсү менен кесилишет) барып, Тилек Жумабековдун атына кан тапшыра алышат. Маалым катты сүрөткө тартып (0500) 01-44-49 жана (0709) 200-772 номерлерине жөнөтүүгө болот.

Количество просмотров: 4545