Бишкек.24.12.2018.Govori.TV
Бишкек шаарындагы коомдук унаалар 2019-жылдын 1-январына караган түнү саат 02:00гө чейин кызмат көрсөтөт.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымат таратты.
Мэриянын маалыматы боюнча, «Ала-Тоо» аянтынан автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар каттайт.
Автобустар каттай турган маршрут:
— №7: Дача – Аламедин 1;
— №9: Тынчтык конушу – Асанбай кичи району;
— №38: 110-квартал – Асанбай кичи району;
— №42: «Ала-Тоо» аянты – 12-кичи район.
Троллейбустардын маршруту:
— №2 (Аламедин 1 – «Фрунзе» заводу);
— №4 (Эт комбинаты – Булгаары заводу);
— №7 (Тунгуч кичи району – Ак-Өргө конушу);
— №8 (Ак-Өргө конушу — Лермонтов көчөсү);
— №10 (Асанбай – «Фрунзе» заводу);
— №14 (Жогорку Жал – Киркомстром).
Кичи автобустар каттай турган маршруттар:
— №222 (Ак-Ордо — Алтын Ордо конуштары);
— №224 (Келечек — Жеңиш конуштары);
— №254 (Ак-Ордо — Чыгыш конуштары);
— №166 (Кызыл-Аскер – Аю-Гранд);
— №211 (МТФ – Тынчтык конушу);
— №260 (Арча-Бешик — Бакай Ата конуштары);
— №164 (Баетов – Көк-Жар);
— №143 (Маевка – Кыргызстан);
— №219 (Учкун – Коммунаров);
— №240 (Энесай – 110-квартал);
— №192 (Ак-Ордо – Дордой 2)