Бишкек.10.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында орнотулган балатынын оту жанды.
Балатынын ачылышы кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда өттү. Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая ж.б жылдыздар көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, ал»Кышкы жомок» деп аталды. Балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери 22-ноябрда башталган.