• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы баш прокурор экс-прокурор үчүн отчет берет

28 Бугу 2018 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.05.2018. Govori.TV

Ушул жумада Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитбеков парламентте отчет берет. Бул тууралуу ЖКдан кабарлашты.

Анда белгилүү болгодой, башкы көзөмөл органынын 2017-жылдагы ишмердиги боюнча эл өкүлдөрүнө отчет бериле элек. Мөөнөтү боюнча, ушул жылдын март-апрель айларында отчет угулушу шарт болгону менен мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева отчетту кечиктирип, андан соң өзүнүн ордуна фракция, комитеттерге орун басарларын жиберген. Мындай салкын мамиледен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан парламентке башкы прокурорду кызматынан алуу өтүнүчү келтирилип, депутаттар аны колдоп беришкен.

Эске сала кетсек, жаңы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитбековдун кызматка дайындалганына эки айдын жүзү болду. Ага Президент тарабынан Коопсуздук Кеңешинде айтылган коррупцияга каршы күрөштү координациялоо тапшырмасы берилген.

 

Количество просмотров: 10