• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Жаңы жылдын астында депутаттарды убара кылган үчүн өкмөттүн эрке министирлери сөгүш алышты

8 Үчтүн айы 2018 15:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.01.2018. Govori.TV.

Премьер-министр Сапар Исаков «ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү жарыялады.

«Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Буйрукка ылайык, сөгүш экономика министри Артем Новиковго, Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

Ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, окмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери өз ыктыяры менен кызматтан бошотулду.

Бул кадамы менен премьер-министр кетирген катасын мойнуна алды.

Эскерте кетсек, 30-декабрь Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга топтолушуп, Президент Сооронбай Жээнбековдун каршы пикири менен кайтарылган “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулашты.

Жыйында вице-премер министр Дайыр Кенекеев баяндама жасап, “Мыйзам долбоорундагы кетирилген кимчиликтерди мойнубузга алабыз. Бул боюнча тиешелүү адистер жоопкерчиликке тартылат”-деди.

Депутат Исхак Масалиев бул одоно катачылык экенин белгилеп, “Бул боюнча майда барат чиновниктердин эмес. Министрлердин жоопкерчилигин карашыбыз керек”-деп сунуштады.

Кесиптешинин сөзүн депутат Эмиль Токтошев кубаттап. “Бизди бүткүл дүйнөгө уят кылган министрлер жоопкерчиликке тартылуусу керек. Анткени мындай катачылыктар кайталанбашы зарыл”-деди.

Эл өкүлдөрү мыйзамды кайрадан шашылыш талкуулашып, колдоп беришти.

Количество просмотров: 11