• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жааган жамгырдан улам Нарындын айылдарын сел каптады (видео)

5 Бугу 202217:46 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал айылын жааган жаандан улам сел каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, күн боюу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам айыл көчөлөрүн, короо-жайларды, айдоо талааларын суу каптаган.

«Жайытка чыккан майда мал-жандыктар сел сууларына аккан. Короолорду каптаган суу үйгө чейин кирип жатат», — дейт тургундар.

Кошумчалагандай мындай кырдаал Нарындын башка да айылдарында катталган.

Количество просмотров: 5536