• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жаан жайт. 11-июлга карата аба ырайы

10 Теке 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

10-14-июль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.

Количество просмотров: 486