• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жабылып калган «Фабула» гезити Рыскелди Момбековго таандык эмес

14 Жетинин айы 2018 18:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Жакында депутат Рыскелди Момбековго таандык деп аталган «Фабула» гезити жабылган. Бул тууралуу маалыматты басылманын башкы редактору Тилек Рыскулов тастыктаган.
Анын айтымында каражат кыйындыгына байланыштуу гезит басылмасы жабылууга аргасыз болгон. Гезиттин акыркы саны 18-октябрда чыгып, ошол бойдон ишин токтоткон.
“Фабула” гезити депутат Рыскелди Момбековго таандык эмес экенин, эл өкүлү өзү «Говори ТВ» агенттигине билдирди.
“ 2012-2013-жылдарга чейин гезит мага таандык болчу. Андан соң мен мамлекеттик кызматка кеткенден кийин, ошол жерде иштеген жамаатка таштап кеткенмин”,-дейт Момбеков.
Количество просмотров: 38