• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кодуранова Өмүркуловко: Сиз карындашыңызды абдан катуу кактыңыз

20 Бештин айы 2018 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Асель Кодуранова өзүн вице-спикерликтен чакыртып алуу маселесине добуш берүү алдында сөз алды. Ал үч жагдайга токтолуп, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго катуу сөзүн айтып алды.


Кодуранованын айтымында, аны төрага орун басарлыгынан чакыртып алуу тартип бузуу менен жүргүзүлгөн. Бирок ал парламент кандай чечим кабыл алса, кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Бирок бул маселеде фракция лидери Иса Өмүркуловду айыптап, эми аны байке дебей турганын жарыялады.


“Күчтүү эркек өзүнө күчтүү атаандаш тандап алат. А алсыз эркек өзүнө атаандаш катары аялды тандайт. Сиз бул ишти укмуш жасадыңыз. Таенем айтчу: “эстүү адам болсоң, ачаар эшигиңди катуу жаппа, карындашыңа катуу айтпа”, – деп. Сиз карындашыңызды катуу кактыңыз. Мындан ары сиз байке деген атка татыктуу эмессиз”, -деди Кодуранова.


Иса Өмүркулов Асель Кодуранованын бул сөзүнө жооп берип, аны төрага орун басарлыгынан чакыртып алуу жалпы чечим болгонун айтып, “баштаган өзүңөрсүңөр” деп өткөндү эске салып өттү.


Катуу уруш-талаштан соң 96 депутаттын макул деген добушу менен Асель Кодуранова кызматтан кетти.

Количество просмотров: 52