• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жабырлануучуну уруп, мыйзамсыз кармашкан. Бейбаштыкка шектелген топ кармалды

8 Чын куран 2024 20:02 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалды, деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 7-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, алты жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээси алар 6-апрелде коомдук тамактануу жайларынын биринде уруп согуп денесине залал келтирип, узак убакытка мыйзамсыз кармап турушканын билдирген.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жогоруда аталган кылмышка шектүү делгендер кармалды: 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М..

Алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 1154