“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жадыра Балабасова.
Жадыра айым 32 жашта, Бишкек шаарынын тургуну.
«Жаштарды өнүктүрүү коомдук фондунда менеджерлик ишти аркалайм. 2014-жылдан бери жаштар менен иштешип келе жатам. Түрдүү долбоорлордун үстүндө иштеп, ийгиликтерди жараттык. 5 жылдан киийн өзүмдү жаш саясатчылардын катарынан көргүм келет»,-деди ал.