Жай айларында «Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө уча аласыз? (Тизме)
Жай айларында «Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө уча аласыз? (Тизме)
7 Кулжа 2022 11:46 Бишкек Govori.TV
«Манас» эл аралык аэропортунан 2022-жылдын жай айларында кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болорун жарыялады.
Толук тизме төмөндө:
Казакстан:
Алматы-Бишкек-Алматы. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, күн сайын;
Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;
Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан. «Флай Арыстан» авиакомпаниясы, 18-июлдан тартып дүйшөмбү күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.
Алматы-Бишкек-Алматы. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы, 13-июлдан тартып күн сайын учууларды аткарууну пландаштырууда.
Өзбекстан:
Ташкент-Бишкек-Ташкент. «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү.
Түркия:
Стамбул-Бишкек-Стамбул. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, күнүгө бир нече каттам — жумасына 16 каттам аткарууну, ошондой эле 1-июндан тартып дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү дагы 3 каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда.
Анталия-Бишкек-Анталия. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, 3-июндан тартып шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү учууну пландаштырууда;
Анталия-Бишкек-Анталия. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы,дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү;
Даламан-Бишкек-Даламан «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы 28-июндан тартып шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.
БАЭ:
Дубай-Бишкек-Дубай. «Флай Дубай» авиакомпаниясы, күн сайын;
Шаржа-Бишкек-Шаржа. «Эйр Аравия» авиакомпаниясы, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учууларды аткарууну, ал эми 17-июндан тартып дүйшөмбү жана ишемби күндөрү 2 каттамга көбөйтүү пландаштырууда.
Кувейт:
Кувейт-Бишкек-Кувейт. «Аль-Жазира» авиакомпаниясы, шаршемби жана жума күндөрү.
Монголия:
Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор. «Хунну Эйр» авиакомпаниясы, шейшемби жана ишемби күндөрү.
Москва-Бишкек-Москва. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын;
Бишкек-Москва-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, күн сайын;
Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, дүйшөмбү шаршемби жана жума күндөрү. 7-июндан тартып шейшемби жана бейшемби күндөрү 2 каттамга көбөйтүү пландаштырууда;
Самара- Бишкек- Самара. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, бейшемби күнү;
Сочи- Бишкек- Сочи. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, жекшемби күнү;
Иркутск- Бишкек- Иркутск. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, жекшемби күнү;
Новосибирск-Бишкек-Новосибирск. «Сибирь» авиакомпаниясы, күн сайын;
Бишкек-Новосибирск-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, шейшемби жана жума күндөрү;
Бишкек-Ош-Бишкек «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы, 1-июндан тартып жумасына 4 жолу- дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат;
Бишкек-Баткен-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу — шейшемби жана бейшемби күндөрү аткарат;
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарат. 1 июндан тартып күнүгө учууларды аткарууну пландаштырууда;
Бишкек-Исфана-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 1 жолу — шаршемби күнү аткарат.