«Манас» эл аралык аэропорту» ААК атын өзгөртүүгө ниеттенүүдө.
Аэропорттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул маселе компаниянын акционерлеринин 19-декабрга белгиленген жыйынында талкууланат.
«Акционерлерге эки вариант сунушталат, алар азырынча ачыктала элек. Манас аэропортунун аты кала берет. Ал Бишкек филиалы болот. Акционердик коомдун аталышы өзгөрөт», — деп белгиледи компания.