• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жайдын акыркы күндөрүндө Кыргызстандын аймагында кар,жаан жаашы күтүлүүдө

30 Баш оона 2018 18:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

30-август түнкүсүн Ысык-Көл облусунун басымдуу бөлүгүндө жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоо баштарына кар түшүүсү күтүлүүдө.
Ал эми 31-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 2-сентябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 3-4-сентябрларда тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Количество просмотров: 21