• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жайкы каникулда балдарды айылга алып барууда посттордо чектөөлөр болобу? 

27 Бугу 202012:40 Бишкек Govori.TV

Жайкы эс алууда балдарды айылга алып барууда сиз бара жаткан аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу болсо посттордо чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

«Учурда жайкы лагер жана жайкы мектептердин маселеси чечиле элек.
Бара турган аймакта карантиндик талап коюлбаган учурда, оорунун очогу болбогон жерге барса болот. Ошондой эле туугандары жайгашкан жер болсо посттордо эч кандай тоскоолдуктар болбойт», — деди
ички иштер министринин орун басары.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Количество просмотров: 368