• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жайлоодон аман-эсен үйлөрүнө келген чабандар куткаруучуларга ыраазычылык билдиришти

23 Тогуздун айы 201814:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
Жайлоодон аман-эсен үйлөрүнө келген чабандар куткаруучуларга ыраазычылык билдиришендигин ӨКМ маалымдады.
Эске салсак, 2018-жылдын 18-октябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш койлору менен “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган. Алар аман-эсен жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба-ырайы турукташканда айылга кайтышаарын билдиришкен.
2018-жылдын 19-октябрында чабандардын абалдарын жана жайлоого бара турган жолдун абалын жеринен билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен. Кар калын жаагандыктан, жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.
Жолду кардан тазалап, чабандарды мал жандыктары менен ашуудан түшүрүү үчүн КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун ыкчам тобу жана авариялык куткаруу унаасы менен куткаруучу топ, КР ӨКМнин Жалал-Абаддагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механизациялаштырылган мекемесинен 1 Трал унаасы, Сузак айыл аймагынын башчысы, 3 кызматкери жана 1 жүктөгүч тартылган.
Ал эми 22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында чабандар мал жандыктары менен ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген. КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасыр Закиров билдиргендей, учурда чабандардын абалы туруктуу жана алар жардам берген куткаруучуларга ыраазычылыгын билдиришти деп айтылат маалыматта.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/347299639175853/

Количество просмотров: 25