Жайыл районунда жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, бешөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 12:46 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында «КамАЗ-Вахтовка» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жол кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Жерине куткаруучулар жана тез жардам кызматы тартылган. Жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышкан. Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып беришкен.