• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жакеева: Чындык үчүн күрөшүп келе жатам

8 Тогуздун айы 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Анар Жакеева.

«Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынан келдим. Жергиликтүү кеңештин 3 жолку депутатымын. Балдарды жакшы көргөндүктөн мугалимдик кесипти тандап, 35 жыл иштедим. Өзүм чынчыл болуп, бетке айткан саптты баалайм. Башкалардан дагы ошол сапатты талап кылам. Тажрыйба топтоо максатында көптөгөн тренингдерге катышып келем. Депутат болуума элдин көмөгү менен ишеними жогору болду»,-деди Жакеева.

Количество просмотров: 61