• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жакшы кабар! 65 бейтап таажы илдетинен айыкты

7 Кулжа 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде 65 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Нарын облусунан 30, Ош облусунан 7, Ош шаарынан 18, Жалал-Абад облусунан 1, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. «, — деп билдирди Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1425 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Количество просмотров: 146