Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.
Финалда Айпери Медет кызы египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөшүп, атаандашын 17:6 эсебинде утуп алды.
Кошумчалай кетсек, мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп жатат.