• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жакшы кабар! Бүгүн COVID-19дун жаңы учуру катталган жок

4 Чын куран 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 4-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 5 адам илдеттен сакайып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 96 бейтап, амбулатордук түрдө 46 адам дарыланууда.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 248 жаран айыгып чыкса, 2 миң 991 адам көз жумду.

Количество просмотров: 105