• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жакшы кабар! Кыргызстандык 17 калыс ФИФАнын тизмесине кирди

21 Үчтүн айы 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине Кыргызстандан 17 калыс кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тизмеге киргендер эл аралык деңгээлдеги оюндарга калыстык кыла алышат. Анын арасында тизмеге алгачкы жолу киргизилгендер да бар, алар — Нурзат Аскат уулу, Медербек Тайчиев жана Зайниддин Алимов.

ФИФАнын арбитрлер тизмесиндеги Кыргызстандын калыстары:

Футбол боюнча калыстар:

-Дайырбек Абдылдаев

-Нурзат Аскат уулу

-Денис Шалаев

-Медербек Тайчиев

-Зайниддин Алимов

-Вероника Бернацкая

Калыстардын жардамчылары:

-Сергей Грищенко

-Исмаил Талипжанов

-Замир Чыныбеков

-Элдияр Салыбаев

-Рамина Цой

-Артем Скопинцев

-Хусан Джалалдинов

-Канат Мырсабеков

Футзал боюнча калыстар:

-Нурдин Букуев

-Чынгыз Мустафаев

-Элдияр Келдибеков.

Количество просмотров: 229