Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 14-майда Бишкек шаардык соту жактоочу А. Мамбетказиевге карата соттук өкүм чыгарып, камактагы жактоочуну үй камагына бошотту. Бул туурасында жактоочу Таалайкүл Токтакунова Govori.TV агенттигине билдирди.
“Саат 11де боло турган сот 11:30 да башаталып, азыр эле бүттү. Сот биринчи чыккан дистанциондук чечимди жокко чыгарып, үй камагына чыгарды. Негизи жактоочулардын өтүнүчү канаттандырылып, сот бүгүн мыйзамдуу чечим чыгарды”,-дейт Т. Токтакунова.
Эске салсак, жактоочу А. Мамбетказиевди “20 миң сом пара алды” деген айыптоонун негизинде иши кече соттук отурумда каралып, ага 50 жактоочу катышып, кесиптешин үй камагына чыгарууну суранышкан эле.