• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жактоочу: Атамбаевдин бронхит оорусу күчөдү

3 Жетинин айы 2020 19:22 Бишкек Govori.TV

Камактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаев бронхит менен ооруп жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев Govori.TVга тастыктады.

Анын айтымында, Атамбаевдин өткөн аптадан бронхит оорусу күчөп жаткандыктан, анын абалы да начарлоодо.

«Азыркы учурда Атамбаевдин ден соолугунун абалы соттук отурумдарга келүүгө жол бербейт. Анын бронхит оорусу күчөп жатат. 6-октября Биринчимай райондук соту үй камагына чыгаруу тууралуу токтом чыгарган. Бүгүнкү күндө токтом күчүндө, бирок аткарылбай келет», — дейт жактоочу.

Жактоочу кошумчалагандай, Атамбаев соттук отурумдарга катышып, актыгымды далилдейм деген билдирүүсүн кылган, бирок, эртеңки белгиленген отурумга ден соолугунун назарлашынан улам катыша албайт.

«Жаралган бул абалда соттук отурум башка убакытка жылдырылышы керек», — деп билдирди жактоочу.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери абакта.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу тарапташтарынын аракети менен түрмөдөн бошотулган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, абакка кайтарылган. 

Количество просмотров: 1482