• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жактоочу: Калича Умуралиева кармалган жок

28 Бугу 2020 21:05 Бишкек Govori.TV

«Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, белги коюлган акчалар табылган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Эрик Ирискулбеков билдиргенин Kaktus.media сайты жазды.

«Анын иш бөлмөсүндө тинтүү болду, ошондуктан УКМКнын шаардык бөлүмүнө чакырылды. Калича Умуралиева учурда кармалган жок», — деп билдирген жактоочу.

Умуралиеванын айтымында, кылмыш иш козголду. Бирок иштин чоо-жайын тактаган жок.

«Тажибаев аттуу жаран арыз жазып,  «Ынтымак» сейил багына соода күркөлөрүн орнотууну каалаган. Ал эки айга 50 миң сом төлөп, мыйзамга ылайык капиталдаштырган. Келишим эки айлык төлөмдү кабыл алууга мүмкүндүк берет. Эмне үчүн кылмыш иши козголгонун түшүнбөй турам»,-деп билдирген Умуралиева.

Белгилей кетсек, буга чейин Умуралиева пара менен кармалганын  ЖМКлар ишенимдүү булактарына таянып жазып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 81