• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жактоочу: Кемпир-Абад иши боюнча президентке туура эмес маалымат жеткен

20 Бештин айы 2023 10:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар соту өтүп жатат. Учурда сотко абактагы айыпталуучулар жеткирилди.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Кемпир-Абад иши боюнча президентке туура эмес маалымат жеткен деген пикирин билдирди. Жактоочунун айтымында айыпталуучулардын башка бир мамлекеттен каржыланып жэатканы тууралуу маселе кылмыш ишин тергөө учурунда айтылган эмес, жана иштин материалында да мындай маселе жок.

16-декабрдагы курултайда делегаттардын бири Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу маселе көтөргөн. Президент Жапаров сот эмне үчүн жабык өтүп жатканы боюнча дооп берип, “муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп, мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, — деп билдирген.

19-декабрда Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар президенттин курултайда “кемпирабадчылар” тууралуу айткан сөзүнө байланыштуу кайрылуу таратышкан. Анда алар чет өлкөдөн акча алганы тууралуу президенттин айтканына далилдүү маалыматтарды талап кылышкан болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Количество просмотров: 123