• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жактоочу: Мелис Аспеков Жапыкеевге карата көрсөтмө берген эмес

19 Үчтүн айы 2021 10:24 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Мелис Аспеков мыйзамсыз кармалып жатат.

«Буга чейин Интернеттеги социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Аспековдун Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу кабар тараган. Анда активист Мелис Аспековдун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени айтылат. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Аспеков 12 күндөн бери камакта кармалууда. Бүгүнкү күндө ал көрсөтмө бере элек. Ал эч кандай далил жок мыйзамсыз кармалып жатат деп айтсак болот»,-деп билдирди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, активист Аспеков учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Атайын кызмат жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгону маалымдалган.

Количество просмотров: 53