• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жактоочу: Орхан Инанды акыркы жолу Мелис Турганбаев менен жолуккан

9 Кулжа 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

«Орхан Инанды жоголуусуна чейин Мелис Турганбаев менен жолуккан. Алар 31-май күнү саат 20:30 чамасында кофе ичүүчү жайда отурушкан. Андан кийин Инандыны эч ким көргөн эмес»,-деди Токтакунова.

Токтакунова кошумчалагандай, Турганбаев ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен. Азырынча Мелис Турганбаев менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп жаткан чагы.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Количество просмотров: 2628