• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орхан Инанды Кыргызстанга арнап ыр жазды

22 Үчтүн айы 2022 18:51 Бишкек Govori.TV

Түркияда камакта жаткан Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды Кыргызстанга арнап ыр жазды. Аны жактоочу Таалайгүл Токтакунова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Төмөндө ырдын толук текстин келтиребиз:

Күтө тур мен келем

Жаркын келечегибиздин кепилдиги болгон кооз мектептерим. Урматтуу окуучуларым, бүтүрүүчүлөрүм, ата-энелерим, досторум Ала- Тоом, Бишкегим, ата-бабадан калган кыргыз жерим, берекелүү Ысык-Көлүм, Ак-кемем, күт келем.

Сулайман тоосуна жүзүн салган сүйкүмдүү Ошум, Кадам-Жайым, көкүрөгүндө Шахы Мердан бар Исхак атанын элеси, Кызыл-Кыям, багыңда тентип кетем, Жалал-Абадым, менин Жаңгак токойлору, Серахсим күтө тур мен келем.

Жолдо Жайыл Баатырга токтогон Таласым, карлуу тоолорду ашып Суусамырда сүт ичтим дүйнөдөгү эң узун дастаным, Манас атам, Таласым күт мен келем.

Өрөөндү карап Алланы эстеген Жусуп Баласагунга аманат болгон сулуу төкмөлүк. Долонум, Жибек Жолунун дарбазасы Теңир Тоо назик.

Сүйүүгө тойбой турган кооз жерим, күт, келем.

Кыргызды тааныткан ата мекеним, Курманжан датканы дүйнөгө көтөргөн Чыңгыз агам, Дүйшөнүң болом Сабырлыкты, сабырдуулукту, арамдыкка сүйүүнү айтам ыймандуу досторум, сүйгөнүм, күт келем.

Жек желегин желбиретип, жамандын душманы болом. Көбүрөөк мектептерди ачып, жүрөккө кирем. Келечегибиздин кепилдиги, жаштарыбыз үчүн жашайм.

Енисейден келип, Кыргызстанды мекен кылган колум айкөл, сенден алган күч, мээрим менен көбүрөөк чуркайм, келечек бүгүнкүдөн жакшы болот деген ишеним менен келем.

Орхан Инанды 12.01.2022

Буюрса… Анкара-синжан

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап жатканын «Анадолу» агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген.

Количество просмотров: 110